www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук статистика комитетинин баалоо маалыматтарына ылайык, 2025-жылдын 1-февралына карата калктын саны 7 млн 404,3 миң адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.
Эмгекке жөндөмдүү калктын саны 2 860,7 миң адам болду.
Жумуш менен камсыз болгон калк — 2 756,0 миң адам, жумушсуздардын саны — 104,7 миң адам.
Жалпы жумушсуздук деңгээли 3,7% түздү.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча республика боюнча расмий жумушсуздук деңгээли 1,3% болду.
Иш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү бөлүмдөрүндө каттоодо турган жумушсуздардын саны 57 700 адамды түздү (анын ичинде 25 521 аял / 33 752 жаштар).
Расмий жумушсуз макамына ээ жарандардын саны — 38 270 адам (анын ичинде 17 591 аял / 23 488 жаштар).
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин аймактык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрү жумуш берүүчүлөрдөгү бош орундарды аныктоо жана талдоо иштерин жүргүзүүдө. I кварталда 8 087 бош орун катталган, анын ичинен учурда 5 243 жумуш орду актуалдуу бойдон калууда.