www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Комитет төрагасы Ырысбек Атажанов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самманг Джунг Тапа менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Ырысбек Атажанов ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самманг Джунг Тапа менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар балдардын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын кеңири талкуулап, сапаттуу билим алууга тең мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Комитет төрагасы Ырысбек Атажанов ЮНИСЕФтин балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо системасын чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруудагы олуттуу салымын белгилеп:
«ЮНИСЕФ менен кызматташуу балдардын укуктарын коргоо жаатында эл аралык стандарттарды киргизүү жана илгерилетүү, ошондой эле инклюзивдик билим берүү системасын ырааттуу өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ», – деген эл өкүлү муну менен катар Жогорку Кеңештин комитети «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын, айрыкча 11-главанын 36-38-беренелеринде каралган инклюзивдик билим берүү маселелерин ар тараптуу талдоо жана көзөмөлдөө багытында иш алып бара турган жумушчу топ түзүү жөнүндө чечим кабыл алганын кошумчалады.
Өз кезегинде ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Самманг Джунг Тапа уюмдун 2026-жылга карата ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, инклюзивдик билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү маселелерине токтолду. Ал белгилегендей, ЮНИСЕФ Кыргызстандагы майыптыгы бар балдардын жана өспүрүмдөрдүн абалына талдоо жүргүзүп, анын жыйынтыгында сапаттуу жана инклюзивдүү кызматтарга жетүүнү чектеген негизги тоскоолдуктар аныкталган. Самманг Джунг Тапа аталган изилдөөнүн жыйынтыктарын Жогорку Кеңештин комитетинин мүчөлөрүнө сунуштоого даяр экенин билдирип, бул аныкталган көйгөйлөрдү жана аларды мыйзамдык жана практикалык деңгээлде чечүү жолдорун кеңири талкуулоого мүмкүнчүлүк берерин айтты.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экендиктерин ырастап, балдардын укуктарын коргоо жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган демилгелерди биргелешип ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.