www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-апрелде «Манас-аэропорт» көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары тарабынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, кыргызстандык кыз Түркиядан Стамбул — Бишкек каттамы менен учуп келген.

Паспорттук текшерүүдөн өтүү учурунда ал  чек арачыларга А.Ч.нын атына жалпы жарандык паспортту көрсөткөн.

Чек ара кызматы паспорттогу сүрөт документти алып жүргөн адамдын сырткы келбетине окшош эмес экенин аныктаган.

Кармалган жаран — 1995-жылы туулган К.М.нын айтымында, ал Түркиянын аймагына кирүүгө тыюу салынгандыктан, мамлекеттик чек арадан өтүү үчүн эжесинин паспортун колдонгон.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Последние новости