www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Мээрим Жуманазарованын жаракат алган учуру

Мээрим Жуманазарова Казакстандын Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында 5-орунду ээледи. Ал 11-апрелде эркин күрөш боюнча 68 кг салмак категориясында күч сынашкан.

Мээрим алгач түштүк кореялык спортчуну утуп, бирок жарым финалда япониялык балбанга жеңилип калган. Коло медаль үчүн беттеште Мээрим казакстандык Елена Шаыгина менен күч сынашкан.

Беттештин 12-секундасында казакстандык спортчу башы менен Мээримди мурдуна сүзгөн. Мээримдин мурду канаганына байланыштуу беттеш токтотулган. Дарыгерлердин жардамынан кийин беттеш уланган. Бирок кан токтобогонунан улам беттеш токтотулуп, жеңиш казакстандык спортчуга ыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости