www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык окуучулар Кытайда өткөн олимпиадада 6 медалга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен:

"Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Ян Бобрус — күмүш:

Эл аралык UWIS мектебинин окуучусу Элдар Искандеров — коло;

Жайыл Баатыр атындагы лицейдин окуучусу Искен Кенжебаев — коло;

Е.Б.Якир атындагы №61-АФММЛ ОКнын окуучусу Назар Киргизбаев — коло;

№70 ОТК МГнын окуучусу Султан Мусаходжаев — коло;

"Газпром Кыргызстан" мектебинин окуучусу Нурсултан Эшперов — коло медалга ээ болушту.

Команданын жетекчилери Мамат Ишматов, Тимур Мамбетов, Бекжол Жолдубай уулу.

Белгиленгендей, 15-июндан 4-июлга чейин Кыргызстандын командасы Кытайдын Пекин шаарында IMSC жайкы программасына катышып, Англиянын Бат шаарында өтө турган Эл аралык математикалык олимпиадага (IMO) даярданышты.

Учурда Кыргыз курама командасы Англияга жөнөп кетти.

Последние новости