www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу селден улам дайынсыз болуп жаткан эки кыздын сөөгү Өзбекстандын Андижан шаарынын Шахронсой сайынан табылды.

КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, 19 жаштагы Н.М. жана 10 жаштагы Н.М. аттуу кыздардын сөөгү саат 14:30да суудан табылып, коңшу өлкөнүн укук коргоо кызматкерлери тарабынан Андижан шаарына жеткирилген.

Буга чейин Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден куткаруучулар тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Учурда дагы бир аялды издөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости