www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда бүгүн 15-июлда кеминде үч аскер кызматкеринин өмүрүн алган кол салуунун чоо-жайы иликтенип жатат. «Машаал» радиосунун өлкөнүн коопсуздук кызматынын билдирүүсүнө таянып жазган маалыматына караганда, окуя Хайбер-Пахтунхва провинциясында, түндүк-батыштагы Банну шаарына жакын жердеги аскердик шаарчада болду, жарылуудан каза тапкан үч аскерден тышкары дагы 50 чакты киши жараат алды.

Соңку кабарларга караганда, аскердик базага адегенде машина айдаган жанкечти террорист чабуул койгон, андан удаа үч-төрт киши базанын аймагына кирип, граната жардыргандан кийин атышуу башталган. Кол салууга жоопкерчиликти өзүнө «Жаиш-э Фурсан-е Мухаммад» тобу алганы маалымдалды.

Пакистан өкмөтү окуя тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Аскердик базага жакын тилкеде жашаган жергиликтүү тургундар жарылуудан үйлөрү титиреп, терезелери талкаланганын айтып беришти.

Хайбер-Пахтунхванын тургундары коопсуздугун камсыз кылууну, экстремисттерге каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылып жакында бийликке кайрылышкан. Аталган провинция Ооганстан менен чектеш тилкеде жайгашкан. 

Последние новости