www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан менен Кыргызстандын жарандары эми эки өлкөнүн ортосунда улуттук ID карта менен жүрө алышат, деп билдирди УзА.
Чек арадан чыгуу жана кирүү үчүн электрондук каттоо жана паспорттун штампынын зарылдыгын жокко чыгарат жана жаңы саясат транспорттун бардык түрлөрүнө, анын ичинде учакка, поездге, автоунаага жана автобуска тиешелүү болот.
Регламент эки өлкө тарабынан расмий түрдө бекитилгенден кийин күчүнө кирет жана Кыргызстан Өзбекстан үчүн ID-карта аркылуу өз ара саякаттоо тартибин орноткон биринчи өлкө болуп калат.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн бийлиги тарабынан бир катар документтерге кол коюлган.
Анын ичинде 2006-жылдын 3-октябрындагы Кыргызстандын өкмөтү менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколу да бар.
Булак: NazarNews.kg