www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери КМШга мүчө мамлекеттердин достук армияларынын аскер кызматкерлеринин арасында өткөн XVII Спартакиаданын алкагындагы штаттык жана табелдик куралдан ок атуу боюнча чемпионатта жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Бүгүн, 17-августта Кыргызстандын Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын конференц-залында мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Иш-чарага Кыргызстандын коргоо министри, генерал-майор Руслан Мукамбетов катышты.
Чемпионат 3–7-август күндөрү генерал-майор И. В. Панфилов атындагы 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын базасында өткөрүлгөн. Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын коргонуу ведомстволорунун курама командаларынын мыкты мергендери катышкан.
Катышуучулар автоматтан (АК-3) жана тапанчадан (ПМ-3) ок атуу боюнча жеке жана командалык эсепте күч сынашты.
Жыйынтыгында Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн курама командасы жалпы командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Экинчи орунду Казакстандын, үчүнчү орунду Россиянын командасы алды. Жеңүүчүлөр менен Казакстандын командасынын айырмасы 3 упай, ал эми Россиянын командасы 4 упай артта калды.
Кыргызстандын командасы тапанчадан ПМ-3 боюнча командалык мелдеште да мыкты жыйынтык көрсөтүп, 857 упай менен биринчи орунду ээледи.
Жеке мелдеште майор К. А. Болотбаев жана улук прапорщик З. С. Чалова тапанчадан ок атуу боюнча экинчи орунду ээлешти. Ал эми сержант А. Эркебай кызы автоматтан ок атуу боюнча экинчи орунга чыкты.
Сыйлык тапшыруу аземинде коргоо министри Руслан Мукамбетов кыргызстандык аскер спортчулардын жеңиши күжүрмөн даярдыкты, анын ичинде ок атуу даярдыгын үзгүлтүксүз өркүндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгы экенин белгиледи.
«Биздин аскер кызматкерлери жогорку жеке чеберчилигин, командалык ынтымагын жана жеңишке болгон эркин көрсөтүштү», — деди министр.
Иш-чара соңунда жеңүүчүлөр жана катышуучулар эстеликке сүрөткө түшүштү.