www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Энергетика министрлиги 14-августунда Борбор Азиянын төрт өлкөсүндө электр энергиясынын массалык өчүшү боюнча комментарий берди.
Маалыматка ылайык, 14-августта саат 15:37де энергетикалык тутумда технологиялык бузулуу катталып, анын натыйжасында Кыргызстандын энергетикалык тутуму Борбордук Азиянын Бирдиктүү энергетикалык тутумунан (БАБЭТ) убактылуу бөлүнүп, өз алдынча иштөө режимине өткөн.
Кыргызстандын энергетиктери тутумду турукташтыруу боюнча ыкчам чараларды көрүшкөн. Саат 15:55те БАБЭТтеги электр жыштыгы нормалдуу көрсөткүчкө — 50 Гцке чейин калыбына келтирилген. Ошол эле учурда Кыргызстан коңшу мамлекеттерге болжол менен 250 МВт көлөмүндө кубаттуулук берүү менен жардам көрсөткөн.
Технологиялык бузулуунун жагдайларын тактоо учурунда Токтогул ГЭСиндеги эки гидрогенератор кыска убакытка өчүрүлгөнү аныкталган. Бул параллелдүү иштеп жаткан БАБЭТтеги кубаттуулук агымдарынын өзгөрүшүнө жана аварияга каршы автоматиканын иштешине алып келген баштапкы бузулуу болгон.
Ошол эле учурда Кыргызстандын энергетикалык тутумундагы бул бузулууну башка мамлекеттердеги энергетикалык түйүндөрдүн өчүшүнүн түздөн-түз себеби катары баалоого болбойт. Борбордук Азиядагы башка энергетикалык түйүндөрдө болгон кийинки процесстер өзүнчө техникалык талдоону талап кылат.
Адистердин белгилешинче, биргелешкен техникалык иликтөө аяктаганга чейин авариянын кийинки кесепеттери үчүн жоопкерчиликти Кыргызстандын энергетикалык тутумуна жүктөө туура эмес.
Технологиялык бузулуунун себептери атайын комиссия тарабынан иликтенет.
Эске салсак, 2026-жылдын 14-августунда саат 15:00дөн тарта Бишкектин ар кайсы райондорунун тургундары электр энергиясы өчүп же үзгүлтүккө учурап жатканын айтып даттана башташкан. Кийинчерээк мындай көйгөй коңшу Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда да катталганы белгилүү болгон.