www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Казак жана дүйнөлүк адабият классиги, XX кылымдын залкары Мухтар Ауэзовдун алтын медалы менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Кыргызстандын адабият, илим, искусство, маданият жаатында эмгеги сиңген бир катар инсандарды сыйлады. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев билдирди.

Анын айтымына караганда, Кыргызстандан төмөнкүлөр сыйланды:

1. Чолпон-Ата шаарындагы Мухтар Ауэзов үй-музейинин директору Саламат Табышова, музей кызматкери Манат Бообекова;
2. М. Ауэзовдун “Абай жолу” үчүлтигин кыргыз тилине которгондугу (жаңы версия) үчүн Изиля Рахимова;
3. М. Ауэзовдун “Еңлик-Кебек” спектаклин сахнага чеберчилик менен койгондугу үчүн КРнын эл артисти Нуркан Турсунбаев, КРнын эмгек сиңирген артисти, режиссер-коюучу Назым Мендебаиров, артисттер Эржан Осмонов жана Гүлнара Сатарова, котормочу Жипаринса Көчөрбаева;
4. М. Ауэзовдун айкелин жогорку чеберчилик менен жараткандыгы үчүн айкелчи Тамила Маматова;
5. Кыргыз-казак адабий байланышына кошкон зор салымы үчүн жазуучу Айдарбек Сарманбетов.

"Аталган эл аралык сыйлык менен Казакстандын, Россиянын, Германиянын, Кытайдын, Өзбекстандын, Белоруссиянын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү адабият, искусство жана маданият ишмерлери сыйланды", - деп кошумчалады Раев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости