www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Мээримбек Койчуманов Кытайдын Сямынь шаарында өтүп жаткан 26-Кытай эл аралык инвестициялар жана соода жарманкесине (CIFIT-2026) катышууда.

Жарманке 8–11-сентябрь күндөрү өтүп, ага 129 өлкө жана аймактан 1 200дөн ашуун мамлекеттик мекеме жана бизнес-делегация, ошондой эле 30 эл аралык уюмдун өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын алкагында инвестициялык форумдар, тематикалык сессиялар, презентациялар жана инвестициялык долбоорлордун роуд-шоулары уюштурулган.

Ишкердик программанын жүрүшүндө Мээримбек Койчуманов Кыргызстандын инвестициялык потенциалы, инвестиция тартуу үчүн келечектүү багыттар жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле чет өлкөлүк инвесторлор үчүн артыкчылыктуу тармактар жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды.

Улуттук агенттиктин CIFIT-2026га катышуусу Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн эл аралык бизнес коомчулугуна жайылтууга, потенциалдуу инвесторлор жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле жаңы капитал тартууга багытталган.

Последние новости