www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда «Экстремист» атайын операциясынын алкагында милиция кызматкерлери 48 дарек боюнча тинтүү жүргүзүштү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чаралар КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында уюштурулду.

Тинтүү учурунда 681 диний китеп жана 50 брошюра, 59 уюлдук телефон, үч системдик блок, ноутбук, планшет, төрт DVD- жана үч CD-диск, эки USB-флешка, видеокамера жана сегиз дептер алынды.

Мындан сырткары, милиция үч сайсыз курал (гладкоствольное ружье), 935 ок-дары, эки канжар жана автомобилдердин 27 мамлекеттик номерин тапкан.

Алынган буюмдар боюнча экспертизалар дайындалды. Адистер алардын кылмыш иштерине катышын жана укуктук маанисин аныкташат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Последние новости