www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиядан мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу учурлары 2,6 эсеге өстү. Бул тууралуу 10-сентябрда Россиянын президенти Владимир Путин Миграция кызматынын жетекчиси Андрей Кикот менен жолугушууда билдирди.
«Өлкөдөн чыгаруу учурлары 2,6 эсеге көбөйдү», — деди мамлекет башчысы административдик тартипте жүргүзүлгөн депортациялар тууралуу айтып жатып.
Кикоттун маалыматына караганда, өлкөдөн 100 миңге жакын чет өлкөлүк жаран чыгарылган. Алардын 75 миңи мажбурлап чыгарылган. Ошондой эле Россиянын тиешелүү органдары мыйзамдарды бузган 197 миң чет өлкөлүк жаранга өлкөгө кирүүгө чектөө койгон.
Мындан тышкары, миграциялык макамды тариздөөдө документтерди текшерүү күчөтүлгөн. Натыйжада жасалма документтерди колдонуу жана атайылап жалган маалымат берүү учурлары 10 эсеге өскөн.