www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Ооганстан" мультимодалдык каттамын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстанга Кытайдан 12 контейнер жүк келип, темир жол аркылуу Афганистанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан" жаңы транспорттук коридору – бул жүктөрдү Кытайдан Ооганстанга Кыргызстан аркылуу комбинациялык түрдө ташуучу мультимодалдык маршрут. Жүк Кытайдан унаа жолу менен келип, "Ош" станциясында вагондорго жүктөлүп, андан ары Өзбекстанга темир жол аркылуу жөнөтүлөт.

"Бул мультимодалдык маршрутту ишке ашыруу 2022-жылдын 8-9-сентябрында Ташкент шаарында Кытайдын эл аралык логистикалык компаниясынын катышуусунда Кыргызстан, Өзбекстан, Ооганстандан темир жол администрацияларынын өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусунун алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынттыгында мүмкүн болду", - деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир" жолунун курулушу өзүнчө долбоор, учурда техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо стадиясында экенин эскертебиз.

2022-жылдын 14-сентябрында Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин аянтчасында КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Өзбекстандын Транспорт министрлиги, Кытайдын Өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик комитетинин ортосунда "Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай" темир жолунун курулуш долбоору боюнча кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду (Кыргызстандын аймагындагы тилке).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости