www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыштын максаты — Орусиянын шайын алып, андан соң жок кылуу экенин РФ президенти Владимир Путин Донбасс боюнча кайрылуусунда айтты.
"Алар 1991-жылы Советтер Союзун таратып, эми кезек Орусияга келгендигин ачык эле айтып жатышат. Биздин мамлекетти касташкан аймактар менен облуска бөлүнүп кетишин каалашат. Бул тууралуу алар эбактан бери ойлонуп келишет. Кавказдагы уюшулган террорчулардын бандалык тобун колдошту, НАТОнун кол сала турган инфраструктурасын биздин чек арага чейин алып келишти", — деди Путин.
Анын айтымына караганда, Батыш русофобияны түптөдү, анын ичинде ондогон жылдар бою аракет кылып Орусияга жек көрүүчүлүктү жаратышты, биринчи иретте бул Украинада пайда болду. Себеби дал ушул жерде антироссиялык плацдармды даярдашты. Ал эми Украина элинин өзүн батыш күчтөрү Орусия менен согушууга түртүп, кандуу булоонго салып берди. Куралдуу күчтөрдү жарандарга каршы коюп, геноцид, блокада уюштуруп муну 2014-жылы эле башташкан. Мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликти тааныгысы келбеген кишилерге карата террорлук иштер жасалгандыгын Орусия президенти кайрылуусунда кошумчалады.
"Биздин элибиздин тарыхында дүйнөнү бийлеп алууга умтулгандарды, мекенибизди кулга айлантып, бөлүп-жарам дегендерди токтотуп келгенбиз. Муну азыр да жасайбыз. Дал ошондой болот. Сиздердин колдооңуздарга ишенем", — деген Путин.