www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга унаалардын кузовдорун алып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Бул туралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 3-октябрында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, экономикалык туруктуулукту чыңдоо жана унааларды мыйзамсыз легалдаштырууга жол бербөө максатында министрлер кабинети тарабынан "Кыргыз Республикасына автоунаалардын кузовдорун алып келүүгө убактылуу тыюу салуу жөнүндө" токтомду кабыл алынган.

Буга чейин КР президентинин "Автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу чаралары жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу алкагында министрлер кабинетинин 2025-жылдын 7-мартындагы №121-токтому менен M1 категориясындагы (жеңил автоунаалар) транспорт каражаттарынын кузовдорун алып келүүгө биринчи жолу убактылуу тыюу салынган. Жаңы токтом менен бул чаранын мөөнөтү дагы алты айга узартылды.

Убактылуу тыюунун мөөнөтүн узартуу чечими айрым жарандар кузовду алмаштыруу деген жүйө менен унаалардын каттоо маалыматтарын өзгөртүп, натыйжада бажы тариздөөдөн өтпөгөн унааларды мыйзамсыз түрдө легалдаштырууга алып келген учурлардын көбөйүшүнө байланыштуу кабыл алынды. Ошондой эле ар кандай тетиктерден чогултулган, техникалык жана укуктук талаптарга жооп бербеген "конструктор" автоунааларды пайдалануу учурлары аныкталган.

Бул токтомду ишке ашыруу бажы жана салык төлөмдөрүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, автоунаалардын көмүскө жүгүртүүсүн кыскартууга, алардын эксплуатациясынын коопсуздугун камсыз кылууга, ошондой эле Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиги алдындагы эл аралык милдеттенмелерине улуттук процедураларды шайкеш келтирүүгө өбөлгө түзөт.

Последние новости