www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үй «акылсыз» НАТОну башкаруу оңой болгон «канкор зомбиге» айландырды. Мындай пикирин кытайлык China Daily басылмасы билдирди.

Материалдын авторунун айтымында, Түндүк Атлантика альянсы кансыз согуштун реликти болуп саналат, ал эбак көмүлүшү керек. Анткен менен басылманын айтымында, АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы некроманияда ийгилик көрсөткөн. Ак үй мээси өлдү деп эсептелген альянсты канкор зомбиге айлантты, ал мээси жок болсо да, Кансыз согуш эч качан бүтпөгөн виртуалдык чындыкты көрсөткөндө оңой башкарылат.

Басылма ошондой эле НАТОнун чыгышты көздөй кеңейиши Украинадагы жаңжалдын себеби болгонуна көңүл бурган, анткени альянс Орусиянын мыйзамдуу коопсуздук маселелерин такыр этибарга албай, муну менен өлкөнү бурчка түрткөн. Эми, «Чайна дейли» газетасынын жазганына Караганда, НАТОнун мучелеру Европада тузуп жаткан башаламандыкка нааразы болгондор коздорун Түштүк-Чыгыш Азияга бурушту.

Эске сала кетсек, буга чейин Орусиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Максим Буякевич альянсты Украинадагы кризисти дипломатиялык жол менен токтотууну каалабай жатат деп айыптаган. Ал белгилегендей, Европа Биримдигинде (ЕБ) Европа үчүн «кутурган орусофобиянын» кымбат баасы тууралуу акылга сыярлык ойлор көбөйүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости