www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Украина маселеси боюнча ар дайым объективдүү жана калыс позицияны карманып келет жана негизсиз шантажды кабыл албайт, деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин 30-январда Пекиндеги маалымат жыйынында. Мындай маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.
Мао Нин бул сөздөрдү АКШ өкмөтүндө кээ бир Кытайдын мамлекеттик ишканалары Украина кризисинде Орусияга аскерий жана экономикалык жардам көрсөтүп жатканы тууралуу далилдер бар деген маалыматка комментарий берип жатып билдирди.
«Кытай Украина маселеси боюнча ар дайым объективдүү жана калыс позицияны карманып келет, тынчтык тарапта жана украин кризисин саясий жактан жөнгө салууга көмөктөшүүдө конструктивдүү роль ойнойт. Биз жөн отуруп калбайбыз же отко май куйбайбыз жана ошондой эле кризистен пайда табууга аракет кылбайбыз. Украина кризисинин эң чоң демилгечиси жана негизги кыймылдаткыч күчү болгон АКШ Украинага оор жана чабуулчу курал-жарактарды жеткирүүнү улантып, жаңжалды созуп, курчутууда. Америкалык тарап өз аракеттери жөнүндө ойлонуунун ордуна Кытайга каршы негизсиз шектенүүлөрдү жана айыптоолорду коюуда. Биз мындай негизсиз шантажды кабыл албайбыз, АКШ кытайлык компаниялардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын негизсиз түрдө бузуп жатканын карап отурбайбыз», - деди Мао Нин.
«Эгерде Кошмо Штаттары чындап эле кризистин тез арада аякташын көздөсө жана украин элинин өмүрүнүн коопсуздугун чындап ойлосо, ал курал-жарак берүүнү жана согуштан пайда көрүүнү токтотушу керек. Кырдаалдын жөнгө салынышына жоопкерчиликтүү түрдө салым кошуп, чатакташкан тараптардын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрү үчүн зарыл шарттарды түзүшү зарыл», - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.
Булак: NazarNews.kg