www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин 30-июнда Пекиндеги департаменттин маалымат жыйынында АКШнын Тайванга курал сатуусуна Кытай чечкиндүү түрдө каршы экенин билдирди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги маалымдады.
АКШнын Мамлекеттик департаменти Тайванга 440 миллион долларлык эки өтүнүч менен ок-дарыларды жана жабдууларды сатууну жактырды.
"Кытай АКШнын Тайвань менен аскердик байланышына жана АКШнын Тайванга курал сатуусуна чечкиндүү түрдө каршы жана бул позиция ырааттуу, ачык-айкын. Америкалык тарап "Бир Кытай" принцибин жана үч кытай-америкалык биргелешкен коммюникелердин жоболорун так сактоосу, аралга курал сатууну токтотуусу керек. Тайвань кысыгында чыңалууга алып келе турган жаңы факторлорду жаратуудан алыс болууга жана Тайвань кысыгындагы тынчтыкка жана стабилдүүлүккө коркунуч келтирүүнү токтотуу зарыл”, - деп үндөдү кытай дипломаты.
Булак: NazarNews.kg