www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын директору болуп Усенов Сүйүнбек дайындалды. Бул тууралуу Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын басама сөз катчысы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-июнь күнү «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун башкы директору Алтынбек Рысбеков жаңы дайындалган директорду жамаатка тааныштырды.
Ал бул убакытка чейин, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын башкы инженери болуп иштеп турган. Ал эми аталган ишкананын директору Азамат Паизов башка жумушка которулду.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 1885 кызматкер иштейт, жалпы облус боюнча 253 073 абонент бар.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2006-жылы — «Жалалабатэлектро» ААК ОТП, инженер;
2006-2008-жылдары — Жалал-Абад жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасы, МСРЗАИ, Электромонтёр;
2008-2009-жылдары — «Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, башкы инженер;
2009-2010-жылдары —«Жалалабатэлектро» ААК, директордун техникалык маселелер боюнча орун басары;
2010-2017-жылдары — «Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, башкы инженер;
2017-2022-жылдары —«Жалалабатэлектро» ААК, Сузак РЭТи, начальник;
2022-жылы — «Жалалабатэлектро» ААК, Ноокен РЭТи, жетекчинин электр энергиясын сатуу боюнча орун басары;
2022-2023-жылдары — Жалал-Абад электр тармактар ишканасы, башкы инженер;
Булак: NazarNews.kg