www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай эл аралык коомчулук Украинадагы жаңжалды курчутуудан алыс болушун талап кылууда. Бул тууралуу 23-июнда Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Гэн Шуан дүйнөлүк уюмдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.
"Украинадагы согуш күчөгөн фазадан өтүп жатат. Кахов ГЭСинин талкаланышы бул - согуштук аракеттер улана берсе, коркунучтар дагы көбөйө турганын эскертет", - деди ал.
Кытай Эл Республикасынын өкүлү 6-июнга караган түнү болгон Кахов ГЭСинин бузулушун эске алган. Бул суунун контролсуз чыгарылышына алып келди. Натыйжада Херсон жана Жаңы Кахов баш болгон ондогон калктуу конуштарды дээрлик суу каптаган.
Булак: NazarNews.kg