www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Baykar деп аталган түрк фирмасы 2025-жылы Украинада Байрактар ТБ2 жана Байрактар Акынжы согуштук учкучсуз учактарды чыгара баштайт. Бул тууралуу “Yeni Akit” гезитине берген маегинде компаниянын башкы директору Халук Байрактар билдирди.
«Байкардын жергиликтүү туунду компаниясы Avia Ventures LLC компаниясынын курулуш иштери планга ылайык жүрүп жатат, ачылышы 2025-жылга пландаштырылган», - деди ал.
Ишкананын башкы директору ошондой эле заводдо негизги даярдык иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Түрк компаниясынын Украинадагы өндүрүшкө жумшаган жалпы инвестициясынын көлөмү 95 миллион доллардан ашканы белгиленген.
2022-жылы Baykar фирмасы Украинада дрон чыгаруучу завод курары кабарланган.
"Байрактар ТБ-2" - 150 км камтуу аймагы менен оперативдүү-тактикалык сокку уруучу учкучсуз учак. Ал башкарылуучу куралдарды көтөрүп, абада 12 сааттан 24 саатка чейин тура алат.
Булак: NazarNews.kg