www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жакынкы аралыкта башталганы турат. Учурда темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) даяр болгону айтылды.
Темир жолдун курулушуна кетчү каражат, алдын ала болжолдуу смета менен алганда 3-5 миллиард доллар деп эсептелүүдө. Мындай каражатты Кыргызстан өзү таап кура алабы чоң суроо жаратат. Эгер каражатты Кытай тарап чыгарса, канча миллиард доллар Кыргызстандын мойнуна илинип, кандай талап коюлат деген нюанс бар. Анткени, каржыны Кытай сарптаса жаңы курулган темир жолдун башкаруусу аларга өтүп кетпейби деген кооптуулук жок эмес. Ошол эле кезде, темир жолдун жалаң кен чыккан жерлер менен өтүшү, карыз үчүн кен байлыктарыбызды берип отуруп калбайбызбы деген дагы чочулоо күч. Ошондуктан, келишимди түзүүдө өзгөчө кылдат болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгы, мүдөөсү максималдуу корголуш керек.
Темир жол курулуп баштаса, эң узун, татаал бөлүгү 280 км Кыргызстандын аймагынан өтөт. Бери дегенде 57 туннель курулушу керек экен. Каражатты кайдан табабыз? Кытай каржыласа жогорудагы айткан кооптуулукту жокко чыгарууга болбойт. Дүйнөлүк Банк, Европа өнүктүрүү Банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык каржы уюмдардан насыя түрүндө алууга мүмкүнчүлүк жетеби? Жетсе шарт-талаптары кандай болот? Эми бул маселелер кандай өңүттө чечилет айтуу кыйын. Жол картасы, каржы көйгөйү кандай нукта жолго салынат майдын биринчи жарымында президент Садыр Жапаровдун Пекинге болгон иш сапарында белгилүү болгону турат.
Бирок, бул темир жолдун курулушу зарылбы деген маселенин күнгөй-тескейи коомчулукта кызуу талкууланып, ача пикирлер эмитеден эле арбын айтылып жатат.
Азыркы сунушталып жаткан долбоорго ылайык түзүлгөн Кытайдан чыкан темир жол, Торугарт, Ак-Сай, Арпа, Казарман, Өзгөн, Кара-Суу аркылуу Өзбекстанга өтүп транзиттик гана кызматты аткарып калаары, Кыргызстанга пайдасы азыраак экени айтылууда. Анын үстүнө Кытай темир жолунун нугу ичке, Кыргызстандын темир жолу колдонгон рельс кенен (широкий) болуп, рельсти алмаштырган пункт Казарман болуп, Кытай поезддери өлкөнүн чок ортосуна чейин келип жатат. Бул да Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмес. Темир жолдун нугунун өзгөрүү пункту Торугартта жайгашканы оң болмок. Жок дегенде Арпада болушу абзел. Ошондо ички темир жол өнүгөт. Темир жол маршруту транзиттик кызмат көрсөтүү болгон күндө дагы, иш орундары көбөйөт.
Ошондой болсо да, бул темир жол курулушу керек дешип кылымдын долбоору атагандар, Кыргызстан транзиттен эле жылына 200-300 млн. доллар киреше көрөт дегенди кубаттап жатышат. Өлкөгө пайдалуу жагы катары, Темир жол аркылуу ташылган товарлар 20-30 пайыз арзан келээри, Торугартка, Арпага, Макмалга жаңы бекеттер курулуп, Жалал-Абаддыкы кеңейтилип, ар бир станциянын айланасында социалдык инфратүзүмдөр кескин өнүгүп, соода, кафе-ресторан, мейманкана, турмуш-тиричиликтик тейлөөчү жайлар салынып, экономиканын өнүгүшүн шарттайт деп жүйө келтиришүүдө. Ырасында, бул пикирлерге кошулса болот.
Бирок, "темир жолго жакын жерлердеги Жетим-Тоо темир, Сандык алюминий, башка алтын, күмүш, көмүр жана сейрек кездешүучү металлдардын кендерин, жаратылыш байлыктарын өздөштүргөнгө мыкты шарттар түзүлөт" деген жагдайга олуттуу көңүл буруу зарыл.
Себеби, эртең жаңы курула турган темир жолдун каражатын Кытай тарап көтөрүп, Кыргызстан миллиарддаган доллар карыз болуп, андан кутулуу үчүн жаңы курулган темир жол кен байлыктарыбызды ташып кеткенге гана кызмат кылып калбайбы? Кытайдын ичке нукту жолу Макмалга чейин келе турганынын сыры ушул жерде жаткан жокпу? Андыктан дал ушул жерде Кыргызстандын кызыкчылыгы тебеленип, темир жол Кытай менен Өзбекстандын пайдасы үчүн кызмат кылып калбагандай болууга тийиш. Мына ушул кооптуу, чочутуп жаткан көрүнүш Кыргызстандын пайдасына иштегендей багытта тандалышы милдет. Ансыз Кыргызстандын тапкан пайдасынан жоготкону, уттурганы көп болушу мүмкүн.
Мындан улам: "Бул долбоор Кыргызстан үчүн пайдалуу эмес. Тескерисинче пайдасыз долбоор. Анткени, Кытайга Жакынкы Чыгышка жол ачып берип жатабыз. Өзбекстан да, Кытай да чоң жеңишке жетет. Кыргызстан үчүн анчалык деле чоң пайда келбейт. Тескерисинче, транзиттик зонабыздан айрылабыз. Россия, Казакстанга биз аркылуу кетип жүргөн товарлар эми ошол Өзбекстан аркылуу кете баштайт! Бул жолго биринчи кытай өзү кызыктар. Кытайдан чыкан товар Европага Россия аркылуу 24 күндө жетсе, бул жол менен 15 күндө жетет. Негизги максат 500 миллион калкы бар Европанын рыногун багындыруу", - деген көз карашты кармангандар да арбын.
Бирок, кандай болгондо дагы Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу өлкөнүн кызыкчылыгын сактап курулса, колдош гана керек. Бул жагдай Кыргызстанды дүйнөгө туңгуюктан чыгара турган бирден-бир жол. Ошондой эле, Казакстан, Россиянын транзиттик кысымынан куткарып, дүйнөгө жол ачкан жападан жалгыз альтернатива. Кыргызстан үчүн аба-суудай керек долбоор..
Алмаз Темирбек уулу
Булак:NazarNews.kg