www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын батышындагы Сычуань провинциясында күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө болду. Мындай маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.
6,8 баллдык жер титирөөнүн провинциянын батыш тарабындагы Ганци Тибет автономдук провинциясында түшкө маал сезилген.
Жерден 16 чакырым тереңдикте катталган жер титирөөнүн очогу Людинг районунан 39 чакырым алыстыкта экени аныкталды.
Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 21ге жетип, инфраструктурага чоң зыян келтирилди. Тоо көчкүдөн улам турак-жайлар кыйрап, айрым аймактарда байланыш линиялары үзүлдү.
Жер титирөө Хунань провинциясындагы Чанша шаарынан жана Шэньси провинциясындагы Сиань шаарынан алысыраак жерде сезилген.
Жер титирөө Сычуань провинциясында 2017-жылдын августунан бери Аба префектурасында күчү 7 баллга жеткен эң чоң жер титирөө болду. 2008-жылы 7,9 баллдык жер титирөө Кытайдагы эң кандуу жер титирөө болуп, 90 миңге жакын адамдын өмүрүн алган.
Булак: NazarNews.kg