www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз кезегинде №1 элемент экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы куралы болушу мүмкүн. Жакында Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата, "Чоң Евразиядагы кризистен кийинки кырдаалды жөнгө салуу жолдору" деген темада кыргыз, орус, жана белорус окумуштуулары жана эксперттери катышкан онлайн-конференция болуп өттү. 

Кыргыз Республикасы уюштуруучу өлкө катары, Россия жана Беларус өлкөлөрүнүн кесиптеш-изилдөөчүлөрүнүн жогору кызыгуусун жаратты. Алардын баамында, Кыргызстан экономикасы анча чоң эмес болгондуктан, ар кандай экономикалык форумдарда өзүн активдүүрөөк жарыялоосу зарыл.

Кыргызстандыкына окшош экономикалык модель жогорку мобилдүүлүккө ээ болуп, ири өнөктөштөр өнүктүрүп жаткан ири ишкер аянттарда өзүн ийгиликтүү жана ишенимдүү сезүүгө тийиш. Буга Ыраакы Чыгыш үлгү болуп бере алат. Чыгыш экономикалык форумунун жыл сайын өткөрүлүшү бул россиялык аймакты дүйнөлүк тартылуу борборлорунун бирине айлантты, бул россиялык демилгелердин өнөктөшү болгон Кыргызстандын потенциалын чыңдоо үчүн өтө маанилүү.Чыгыш экономикалык форумуна катышуу өлкөнү дүйнөлүк сооданын жана өнөр жайдын күчтүү катышуучуларынын катарына чыгарат.

Кыргызстандын ЕАЭСтеги өнөктөштөрү менен экономикалык мамилелерин жана Россия менен байланышын изилдөөчүлөр евразиялык курсту кармап туруу экономика, илим жана технология жаатында эң күтүүсүз демилгелерди ишке ашырууга жол ачат. 

Мындай багыттардын бири – суутек энергетикасын өнүктүрүү боюнча кызматташтык болуп саналат. Анын касиеттерин изилдөө жана колдонуу маселесин "Чоң Евразиядагы кризистен кийинки кырдаалды жөнгө салуунун жолдору" деген конференциянын жүрүшүндө геолог-минералогия илимдеринин кандидаты, профессор, Россиянын табигый илимдер Академииясынын академиги Мурат Сүйүнбаев көтөрдү. 

"Энергия негизги дүйнөлүк маселелерди чечүүнүн чордону болууда. Европадагы кырдаал ракеталык комплекстүү куралдарга, ошондой эле "циркон", "калибр", "кинжалдарга" караанда энергетика колдонуу эффективдүү экенин көрсөттү. Муну менен катар энергетикалык "куралдануу" кадимкиден айырмаланып пайда дагы алып келет. Бирок, бүгүнкү энергетикадан түшө турган пайда түбөлүктүү эмес. Көңүл буралы: энергетиканын эволюциясы  жалпысынан алып караганда төмөндөгүдөй көрүнөт: адамдын булчуңдуу энергиясы- жаныбардын булчуңдуу энергиясы– жыгач- шамал– көмүр – углеводороддор (нефть, газ) – атомдук энергия – кычкылтектик энергия. Физикада мындай өтүүлөр фазалык өтүүлөр деп аталат. Суутек энергиясына өтүүгө 15 жылдай убакыт калды Бул өтө көп эмес”- дейт Сүйүнбаев.

Окумуштуунун айтуусуна караганда, суутек энергетикасынын рыногунун потенциалы чоң. 2050-жылга карата дүйнөлүк энергияга болгон муктаждыктын 1/4 бөлүгү суутек менен жабылат жана анын баасы былтыркы газдын баасынын деңгээлине чейин төмөндөйт. Өнүгүүнүн жагымдуу шарттарында кийинки 30 жылда тармак 11 трлнго жакын инвестиция алып келет, ал эми суутек отунун сатуу дүйнө жүзүндө жылына 700 млрд долларга жетет. 

"Жашыл" суутек өндүрүүгө болгон чыгымды жогорку гидроэнергетикалык потенциалдуу аймакты тандап алып жана өндүрүү менен азайтууга болот" деп эсептейт Сүйүнбаев. Мисалы, республиканын ГЭСтеринин жанында өндүрүш объектилерин жайгаштырууга болот, аларда салыштырмалуу арзан ГЭСтер кВт/саатына 2–2,3 цент баада, ал эми жалпы жылдык орточо дарыя жана жер астындагы агынды суутекти ири көлөмдө өндүрүү үчүн жетиштүү.

Кыргызстандын жаратылыш-ресурстук потенциалын эске алсак, суунун электролизинин процесси, өлкөнүн суу-энергетикалык комплексин перспективдүү чечүүнүн негизи боло алат. 

"Азырынча убакыт барда ар кандай табигый шарттарда суутек өндүрүүнү иштеп чыгуу зарыл. Кыргызстандын тоолуу шарттары "жашыл суутекти" генерациялоо үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү шарттарды табуу үчүн ар түрдүү шарттар менен табигый сыноо полигонуна айландырат", - деп эсептейт Мурат Сүйүнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости