www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор 2022-жылдын 24-августунда Ош шаарындагы СИЗОдо тергөөдөгү адамдын өлүмү боюнча прокуратурага кайрылган. Бул тууралуу Улуттук борбордун басма сөз кызматы билдирди.

УКМКга арыз менен кайрылган маркумдун агасы Курстанбек Запаров ИИМдин жана СИЗО-5тин кызматкерлери тергөөдө жүргөн адамдын жакындарына анын кармалган фактысы жана 23-августта СИЗО-5ке которулгандыгы тууралуу да маалымат беришпегенин билдирди. Эртеси, 24-августта гана анын каза болгондугу тууралуу жакындарына кабарлашкан.

Маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда туугандары анын денесинде жана башында көптөгөн жаракаттардын издерин көрүшкөн – башынын жана далысынын алдыңкы бөлүгүндө сыйрылган жана чоң көгала тактар, мурду жана эриндери шишип кеткен, денесинде көптөгөн кандын издери табылган. Курстанбек Запаров сүрөт жана видеону Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборуна тапшырды. Ал ошондой эле 32 жаштагы жээни кармалып, СИЗО-5ке которулганга чейин ден соолугу чың болгонун белгиледи.

Улуттук борбор акыркы учурда бул ЖАКтын СИЗОлорунда камактагылардын өлүмү боюнча үчүнчү учур экенин белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости