www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Билим эскперт" мектеби 2016 жылы ачылган. Бул мектептин максаты Кыргызстандагы жаштарга кытай тилин үйрөтүү жана алардын чет өлкөдөн билим алуусуна шарт түзүү. Мындай пикирин "Билим эксперт" мектебинин жетекчиси Каныкей Абакулова NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Мамлекет тараптан бизге эч кандай колдоо жок. Биз жеке ишкерлик менен алектенебиз. Ал эми Кытайдагы мамлекеттик университеттер менен өнөктөшбүз. Алар менен келишимдик негизде иш алып барабыз. Бизден билим алган улан-кыздар 2-3 айдын ичинде кытай тилин жакшы өздөштүрүп кетишет. Биздин мээенетибизди баалашып, ал жактагы унверситеттер жакшы гранттык орундарды беришет. Себеби аларга дагы таланттуу жаштар керек.

Кытай буга чейин эле мамлекеттик гранттык орундарды берип келген. Бирок, мындай гранттардын саны аябай аз болот. Ал эми бизде Кытайдан билим алгысы келген жаштардын саны арбын. Чындап айтканда, каалган окуучу ал грантка өтө албайт. Себеби, тааныш-билиш деген нерсе ойноп кетет же акча маселесине келип такалат. Ошондуктан, карапайым калктын балдары бара албай калышат. "Билим эксперт" мектеби ушул сыяктуу жөнөкөй жарандардын акысыз билим алуусуна көмөк көргөзүп келет.

Маекти толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости