www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдан чыккан оору бир күндө 39 адамдан аныкталды

Кыргызстанда 13-июлга карата COVID-19дун жаңы 39 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Анын ичинде эки жаран АКШ жана Казакстандан келген. Ал эми 27 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылышкан.

Катталгандардын ичинен 14ү COVID-19га каршы эки жолу эмдөөдөн өткөн. Амбулатордук дарыланууда 34, оорукана беш адам жатат.

13-июлга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Бирок акыркы жумада эффективдүү репродуктивдүү сан бирден жогору, бул оорунун көбөйө баштаганын көрсөтүп турат.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө жалпысынан COVID-19дун 201 миң 282 учуру катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости