www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конкурс аркылуу тандап алуу системасы киргенден кийин 966 мектеп директору иштен алынат. 5 жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору кызматынан алынып, кайра конкурс аркылуу шайланабы? Мунун кандай айырмасы бар? Алмазбек Бейшеналиевдин айтымында, мындан ары директорлор ар беш жыл сайын сынактан өтүп турат:
"Жогорку Кеңештин депутаттарына, жогорку окуу жайлардын ректорлоруна беш жылдык мөөнөт берилип жатпайбы. Андыктан директорлор беш жылдык мөөнөттө өзүнүн ишин толук көрсөтө алат. Учурда өлкөдө беш жылдан ашык иштеген 966 мектеп директору бар. Жакшы иштеп жаткан директорлорго тоскоолдук болбойт, конкурстан өтсө кайра ордуна дайындала алат", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал иштегенине беш жыл боло элек 1200 мектеп директоруна мөөнөтү келгенде конкурс өтө турганын кошумчалады. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык баштапкы, негизги жана жалпы орто билим берүү уюмдарынын (мындан ары – жалпы билим берүү уюмдары) жетекчилеринин жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүүгө багытталган кадр саясатын ишке ашыруу, билим берүү чөйрөсүн башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо системасы киргизилсин.
Жакында Акылбек Жапаровдун айтымында, жакын арада министрлер кабинетинде документке кол коюлуп, ага ылайык жетекчилер аттестациядан өтүшү керек. Жаңычыл мамиле жасаган жетекчилер гана мурдагы кызматтарында калат. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров минтип айткан: «Документке кол коебуз, баарын штаттан чыгарабыз, аттестация өткөрөбүз. Жаңычыл көз караштагы адамдар алынат. 20-30 жылдан бери иштеген мектеп директорлоруна ротация болот. Иштелип чыккан өлкөлөрдө бир директор 5-6 мектепти жетектейт. Эгерде алар профессионал болсо, анда силер да ошондой иштесеңер болот. Мындай механизмдерди карап жатабыз».
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg