www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Эӊ мыкты жетекчи деле болгон потенциалын 5 жылда сарптап бүтүп, калган беш жылын жөн гана инерция менен өткөрө турганы эчак далилденген", - деди бүгүн, 13-июлда, NazarNews маалымат агенттигине профессор Венера Акматова.

- Узак мөөнөт иштеген мектеп директорлорун кызматтан алуу Жарлыгы өз учурунда эле чыктыбы?

- Эми мектеп директорлорун конкурстук негизде тандоо системасы киргизилмекчи. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин билим берүү уюмдарында кадр саясатын ишке ашыруу, башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга болгон аракетин колдошубуз керек.

Азыр кайсы бир маселе боюнча коомчулуктун пикирин билүү максатында мониторинг жүргүзүү  үчүн социалдык тармактагы элдин пикири менен таанышып чыгуу ашыкча болбойт. Ал жакта түпкүрдө жаткан маселелер да ачык жазылат, айтылат.

Мектеп директорлоруна байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр мурдатан бери эле тынымсыз айтылып келген. Билим берүү тармагы ар бир адамдын жашоосу, тагдыры, үй-бүлөсү менен тыгыз байланышкандыктан жарандардын бул тармакка болгон кызыгуусу табигый көрүнүш, ал тургай зарылчылык.

Жарымы советтик, жарымы Батышты имитациялаган башталгыч, орто, жогорку билим берүү системабызды кескин өзгөртүү кечиктирилгис, мезгилдин талабы болчу. Акыркы жылдары өлкөбүздүн бардык тармактарындагы оӊунан чыкпаган кадр саясаты жедеп көкөйүбүзгө тийип бүттү. Жалпы өлкөбүздүн ташыркап, тушалган аттай болуп турганына тажрыйбасыз, адис катары билими жетишсиз, анысы аз келгенсип коррупционер жетекчилер түздөн түз күнөөлүү.

“Эбин тапкан эки жейт”, “Жебеген жердин алдында” деген эӊ кыйраткыч принциптерди карманып алып, бир орунда 20-30 жылдап  ээлеп алып, менчигиндей коолап-чайлап отургандар билим берүү, илимий мекемелерде толтура. Жетекчи бир орунда канчалык көп отурса ошончолук интрига, жек-жаатка бөлүнүү, тууганчылык, жердешчилик, анан албетте коррупция күчөйт. Өзүнө “тыйын” ташыбаган, же “бүгүлүп-жүгүнбөгөн” күчтүү жаштарды өстүрмөк турсун, шыйракка чаап, жолотпойт.

Эӊ мыкты жетекчи деле болгон потенциалын 5 жылда сарптап бүтүп, калган беш жылын жөн гана инерция менен өткөрө турганы эчак далилденген. Биздин мыйзамдарда деле бакыйып  кайсы жетекчи болбосун 5 жылдан, же 4 жылдан эки мөөнөткө гана отура алат деп жазылып турганына карабастан, аны эч ким аткарган жок. Шайланса да, дайындалса да мөөнөтү бар, жылы так белгиленет! Эмне үчүн эреже сакталбайт! Эреже бузулган жерде иш бузула турганы бышык!

Министрликтин бул демилгеси катуу каршылыктарды жарата турганына шек санабайм, анткени көп жылдан бери бир орунда отурган мектеп директорлору, ректорлор жылуу орундарын жөн эле бошотуп бере коюшпайт. Алардын колунда  акчалай, адам ресурстары бар. Реформаны аласалдыруу үчүн бүт күчтөрүн жумшашат. Буга ачык далил, Билим берүү тууралуу Мыйзамдын Жогорку Кеӊешке келип, создуктурулуп, такалып калганынын артында, кайсы күчтөр турганы жөнүндө коомчулукта кеп болуп жатат.

Анткени батыл өзгөрүүлөр коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, каршылыктарды да пайда кылат, жаман-жакшы сынга кабылары бышык. Ушундай тобокелчиликтердин жоопкерчилигин алып, чечкиндүү кадам жасоо оӊой эмес.

Ошол эле учурда баштаган ишти кынтыксыз аягына чыгаруу керек. Конкурстун талаптарын так иштеп чыгып, таза, ачык өткөрүү үчүн болгон күчтү жумшаш керек. Кичине эле коррупцияга, жек-жаатчылыкка, уюштуруу ишиндиге алешемдиктерге шек жаралса, элдин ишеними кетет да, колдобостон, тескерисинче катуу сынга алары бышык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости