www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Узак убакыттан бери директор болуп иштеп, мектепти менчик мектебиндей көргөндөр бар, ошолор иштен четтегени туура болду”, - деди бүгүн, 13-июлда, NazarNews маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов.
- Президентти сындагандар да колдоого алган Жарлык чыкты. Эми мектепти 20-30 жылдап “минип” алган директорлор кызматтан кетет. Жаштарга мүмкүнчүлүк берилет десек болобу?
- 20-30 жыл мектепти башкарган директорлорду кызматтан кетирүү Жарлыгы өз учурунда чыкты. Мен бул жарлыкты чын дилимден колдойм. Анткени, айрым мектептерде узак убакыттан бери директор болуп иштеп, мектепти өзү каалагандай калчап, менчик мектебиндей көргөндөр бар.
Мына ошолор иштен четтегени туура болду. Бирок, узак убакыт директор болуп, мектептин кадырын көтөрүп, мектепти билим уюткусу кылып, окуучуларга татыктуу билим берген, билимдүү жаштардын чыгышына өбөлгө түзгөн мектеп директорлору да бар. Ошолорго гана ичим ачышып жатат. Бирок, жалпы жонунан узак мөөнөттө иштеген директорлор кызматынан кетип, алардын ордуна иш билги, жетекчилик кызматка бышып жетилген, идеяга бай мугалимдер директор болсо, окуучуларга татыктуу билим берилишине жакшы шарт түзүлөт деп ойлойм.
Эң негизгиси, президенттин бул жарлыгын жаштарга мүмкүнчүлүк берүү деп түшүнөм. Себеби, жаштар заманбап система менен иштеп, билим берүүнүн сапатын мындан да жакшыртат деген үмүттөмүн.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.
Булак: NazarNews.kg