www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Батышттан катуу өч алаарын эскертти

Батыштын санкцияларына Москванын жообу азаптуу болушу мүмкүн. Бул арада Европа өлкөлөрү Орусияны муунтуу менен экономикаларын чарчап жатканын түшүнүшү керек. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык кызматташуу департаментинин директору Дмитрий Биричевский билдирди.

Анын айтымында, орус тарап азырынча толук каршылык көрсөтүү чараларын көрө элек.

«Батыш өлкөлөрү Орусияга каршы чабуулдары менен экономикасын, жарандарын эчак эле чарчатканын көрүүгө болот... Европалыктардын кышкысын жылытуу системасы, жайында кондиционери жок ысыкта отурганы Орусиянын күнөөсү эмес. Бизге каршы санкциялар Батыштын экономикасына бумеранг таасирин тийгизет. Буга биз бир нече жолу ынанганбыз», - дейт Биричевский.

Департаменттин директору Батыш үчүн даярдалып жаткан чектөө чаралары Орусиянын экономикасына таасир этпей турганын айтты. Бирок Москванын Европага жасаган жообу азаптуу болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости