www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Конкурсту утуп алып келген директорлор канчалык ишти алып кете алат, маселе ошондо”, - деди бүгүн, 13-июлда, NazarNews маалымат агенттигине тарыхчы Табылды Акеров.

- Табылды-агай, 20-30 жылд мектеп директору болгондор кызматынан кетип, жаңы окуу жылына чейин  1000ге чукул директору алмашат экен. Мектептин жетекчилик кызматы конкурс менен тандалганы туура элеби?

- Мен директорлор алмашканда эле мектептин проблемалары чечилип кетет дегенден алысмын. 20-30-жылдан бери мектепте иштегендердин өзү канча болду экен. Адеп ошону эсептеп чыгыш керек болчу. Анан мектепте директор болуу үчүн чоң тажрыйба керек. Бул норма совет доорунан бери келаткан аксиома.

Конкурсту утуп алып келген директорлор канчалык ишти алып кете алат, маселе ошондо. Бүгүн конкурстар деле акча менен чечилип калганын эске алганда, мындан деле эч майнап чыкчудай эмес. Бирок, бул чоң пиарга жарап бериши мүмкүн.

Өлкө президенти атайы Жарлык  чыгарып, ого бетер кызытып койду окшойт.  1-сентябрга чейин мектептин директорлору толугу менен өзгөрүп, аны КТР жана башка мамлекеттик телеканалдар бир далайга чейин даңылдатышы мүмкүн. Бирок, башта айткандай ротация болсо, анда директорлордун көбү, башка мектептерге барып, иштеп калышат. 

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости