www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдан ташылып келе жаткан 25 тонна картошка өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
"Эркечтам" карантиндик фитосанитардык көзөмөл өткөрүү пунктунан Кытайдан импорттолуп келе жаткан жалпы көлөмү 25 150 кг болгон продукцияны коштоп келген фитосанитардык сертификат талаптарга жооп бербегендиги аныкталган.
Аталган факты боюнча, КР "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" мыйзамынын жана Евразия экономикалык бирлигинин Комиссиясынын № 318 чечиминин талаптарына ылайык, продукция Кыргызстандын аймагына киргизилген жок жана кайра артка кайтарылды.
Бул иш-аракет "Эркечтам" карантиндик фитосанитардык өткөрмө пунктунун кызматкерлери тарабынан мыйзам чегинде жүргүзүлдү.