www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги сейрек кездешүүчү металлдардын (СКМ) экспортуна кайрадан чектөө киргизди. Бул жаңылык дүйнөлүк геосаясатта чоң толкун жаратып, Вашингтон менен Бээжиндин ортосундагы соода тирешин кайрадан күчөттү.

Бирок бул кырдаал Борбор Азия үчүн коркунучпу же чоң мүмкүнчүлүкпү?

Көпчүлүк бул кадамды – Кытайдын саясий стратегиясы катары баалоодо. Анткени сейрек кездешүүчү элементтер жөн гана жер алдындагы минералдар эмес –  бул бүгүнкү цивилизациянын технологиялык пайдубалы. Смартфондон тартып, электр унааларына, ракетадан спутникке чейин баары ушул сейрек кенздеүүчү металлдарга байланган. Кытай болсо бул ресурстардын дүйнөдөгү 90%ын иштетип, рынокту дээрлик толугу менен көзөмөлдөп келет.

Бээжин соңку чектөөлөр аркылуу курамында сейрек металлдар бар магниттерди, жарым өткөргүчтөрдү жана башка өнүмдөрдү экспорттоого уруксат берүү тартибин күчөттү. Айрыкча аскердик максатта колдонулуучу элементтерге лицензия берүү дээрлик токтотулат. Бул кадам АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн коргонуу секторуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Бир күндөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп Кытай товарларына 100% кошумча бажы салыгын киргизерин жарыялады. Бул тирештин кесепети эми дүйнөнүн башка булуң-бурчтарына, анын ичинде Борбор Азияга да өз таасирин тийгизбей койбойт. 

Саясат жана экономика дүйнөсүндө "бош орун узакка бош бойдон калбайт" деген түшүнүк бар. Кытайдын бул чектөөлөрү дүйнөлүк рынокто дал ушундай боштук жаратты. Эми АКШ, Европа жана башка өлкөлөр альтернатива издөөдө. Ал альтернатива кайдан чыгышы мүмкүн? Бул суроонун жообу сейрек кездешүүчү жана стратегиялык минералдарга бай Борбор Азия чөлкөмүнөн табылышы мүмкүн. 

Мына жакында эле Казакстан 20 миллион тоннадан ашык сейрек металдын корун тапканын жарыялады. Өзбекстан менен Тажикстан, Кыргызстан да сейрек минералдарга бай экени белгилүү. Айталы жакында Пакистан АКШнын компаниясы менен жарым миллиард долларлык келишим түзүп, СКМ экспортун баштады.

Бул – Борбор Азия үчүн коңгуроо

Бирок мүмкүнчүлүк бар деген менен реалдуулук башка. Борбор Азияда инфраструктура, инвестициялык климат жана логистика азырынча бул чоң базарды камсыздоого даяр эмес. Эл аралык изилдөөлөр Борбор Азиядагы транзиттик чыгымдардын жогорку экенин, темир жол жана порт инфраструктурасынын жетишсиздигин жана бюрократиянын инвестицияны чектеп жатканын ачык көрсөтөт.

Дегенибиз, кооз билдирүүлөр менен экономикалык реалдуулук дайыма эле дал келе бербейт.

Ошондуктан чөлкөм өлкөлөрү бул тармакты өнүктүрүү үчүн реформа, стратегия жана саясий эрк талап кылынат. Болбосо, “геосаясий мүмкүнчүлүк” кагаз бетинде гана кала берет.

Ырасында, Кытайдын чектөөлөрү дүйнөлүк рынокто жаңы доорду ачууда. Бул доордо ким даяр болсо — ошол утат. Эгер Борбор Азия чындап эле сейрек металлдар тармагында күчтүү оюнчу болууну кааласа, азыртан ишке киришүүгө тийиш. Бул мүмкүнчүлүк сейрек келет. Кытайдан көз карандуулукту азайтуу – Батыш үчүн маанилүү. Ал эми жаңы рынокко чыгууну көздөгөн Борбор Азия үчүн бул – тарыхый мүмкүнчүлүк. 

 

 

Последние новости