www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын ата мекендик жана улуттук коргоо өнөр жай өнүмдөрү дүйнөдө күн тартибинде болууну улантууда. Кытайдын алдыңкы гезиттеринин бири «People's Daily» улуттук согуштук учактарга кеңири орун берди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

«People's Daily» гезити кабарды «Түркиянын бешинчи муундагы согуштук учагы таанытылды» деп жарыялады. Кабарда Түркиянын ылдам өнүгүп жаткан аба күчтөрү макталып, жаңы муундагы согуштук учактын окшошторунан бир топ алдыда экени жазылды.

Орто жана кыска аралыктагы абадан-абага учуучу ракеталарды ташый ала турган учак, Түштүк Корея жана Индия тарабынан иштелип чыккан окшош учактардан жогору экени аныкталды. Макалада Түркиянын учкучсуз учуучу аппараттары да орун алды.

«Түркия бешинчи муундагы согуштук учактары жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараттары менен учкучтуу жана учкучсуз аба аскердик системасын түзүүнү каалайт», - деп жазылган.

Германиянын алдыңкы гезиттеринен «Die Welt» да Түркиянын күчтөнгөн коргоо өнөр жайын мактаган эле.

«Түркиянын куралдануунун күчү катары таң калыштуу өнүгүүсү» деген кабарда, Түркиянын кайрадан куралдануу планын ишке ашырып жатканы белгиленген.

Түркиянын келечекте согуштук учактар ​​рыногунда да атагы чыга турганына көңүл бурулган кабарда, TF-X деп аталган Улуттук согуштук учак моделинин март айында биринчи жолу дүйнө коомчулугуна таанытыла турганы билдирилген. 

Последние новости