www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара куурайдын пайдасы өтө чоң. Өндүрүшкө пайдаланса экологиялык жактан таза жана кирешелүү. Сапаты да жогору болот. 

1. Бир гектар кара куурай 25 гектар токойдогудай кычкылтек бөлүп чыгарат.

2. Бир гектар кара куурайдан 4 гектар жыгачтын кагазын алса болот.

3. Кара куурайдан 8 жолу кагаз жасалса (кайра иштетилген), жыгачтан 3 жолу гана кагаз жасалышы мүмкүн. Кара куурайдын кагазы эң сапатуу. 

4. Кара куурай 4 айда, дарак 20-50 жылда өсөт.

5. Каннабис гүлү – чыныгы радиациялык капкан. Кара куурай плантациялары абаны тазалайт.

6. Кара куурайды дүйнөнүн каалаган жеринде өстүрсө болот жана сууну аз талап кылат.
Мындан тышкары, зыянкечтерден коргонууга жөндөмдүү болгондуктан, пестициддерге муктаж эмес.

7. Кара куурайдан жасалган текстиль өз касиеттери боюнча жада калса зыгыр буласынан да ашып кетет.

8. Кара куурай аркан, жип, жип, баштык, бут кийим, баш кийим жасоо үчүн идеалдуу өсүмдүк.

9. Каннабис. Бизге тыюу салынган. Бирок техникалык кара куурайдын курамында дары жок.

10. Кара куурайдын уруктарынын протеиндик баалуулугу абдан жогору жана андагы эки май кислотасы табиятта башка эч жерде кездешпейт.

11. Кара куурайды өндүрүү сояга караганда кыйла арзан.

12. Каннабис менен азыктанган жаныбарлар гормоналдык колдоого муктаж эмес.

13. Бардык пластмасса буюмдары кара куурайдан жасалышы мүмкүн. Ал эми кара куурай пластмассасы экологиялык жактан таза жана толугу менен биологиялык жактан ажырайт. Чирип, топуракка сиңишип кетет. Химиялык пластмасса чирибейт. 

14. Машинанын кузову кара куурайдан жасалган композиттик материалдан жасалса, ал болоттон 10 эсе бышык болот. (Так эмес).

15. Кара куурайды имараттарды жылуулоо үчүн да колдонсо болот. Ал бышык, арзан жана ийкемдүү.

16. Кара куурайдан жасалган самын жана косметика сууну булгабайт, ошондуктан экологиялык жактан таза.

Демек, кара куурайды экологиялык таза товар чыгаруу үчүн өндүрүшкө  пайдаланса экономиканы көтөрүүдө пайдасы көп. Андыктан техникалык кара куурайын өлкө экономикасын көтөрүү үчүн өстүрүүгө уруксаат бериш керек. Бүгүнкү күндө бул өсүмдүктү Америка жана Европа өлкөлөрү өстүрүп пайдасын көрүп жатышат. 

Андыктан, өлкө кризиске батып, тышкы карыз жылдан жылга эселеп өсүп жатканда, экологиялык жактан таза, кирешелүү өсүмдүктү өндүрүшкө колдонууга уруксаат берүү мамлекетке пайда гана алып келмек.Булак: NazarNews.kg

Последние новости