www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореядагы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылы түптөлүп, бүгүнкү күнү Азиядагы ири долбоорлордун бири болуп саналат.

Мирлан Абдыкалыковдун тасмасы кинофестивалдын Jiseok сынактык бөлүгүндө көрсөтүлөт. Ага Азиядагы 3 же андан көп көркөм тасма тарткан таанымал режиссерлордун эмгектери тандалып алынат. Ким Жисок сыйлыгы аталган сынактык бөлүктөгү мыкты деп табылган эки тамсага тапшырылат. Бул сыйлык өз өмүрүн азиялык кинону колдоого жана өнүктүрүүгө арнаган маркум Ким Жисок аттуу адамдын урматына түзүлгөн.

Jiseok сынактык бөлүгүнө кыргызстандык тасмадан тышкары, Япония, Китай, Индонезия, Бангладеш, Түштүк Корея, Таиланд, Шри-Ланка жана Филиппин, жалпы 10 мамлекеттен фильмдер тандалып алынган.

Фестиваль 4-13-октябрда өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости