www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери жана жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
«2025-жылдын 29-январында 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. кармалды. Тергөө көрсөткөндөй, жогорудагы кызматкерлердин жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуу менен кыздардан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган», — деп жазылат маалыматта.
Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда.