www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 14-июлда селде кыздары менен агып кеткен 44 жаштагы келин бир топ жылдан бери үй-бүлөсү менен Орусияда миграцияда жүрүп, чоң кызын турмушка узатуу үчүн жакында Кыргызстанга келген. Бул тууралуу "Азаттык" маркумдун жакындарына таянып жазды.

Алардын сөзүнө караганда, келиндин төрт баласы бар. Күйөөсү менен кенже уулу аман калып, аялды үч кызы менен сел агызып кеткен.

Анын сөөгү 15-июлда Ак-Буура дарыясынан - Өзбекстанга жакын жерден табылды. Бир күн мурун 6 жашар кызынын сөөгү Өзбекстандын Анжиян облусунан, Шахрихансай деген каналдан чыккан. Анын сөөгү Ошто дүйшөмбү күнү жерге берилди.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Булак: "Азаттык"

Последние новости