www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сел жүрүүчү аймактардын тизмеси жарыяланды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, өлкөдө туруксуз аба ырайы 17-июлга чейин созулат.

Күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаменти өз божомолун билдирип, селдин жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоо активдешери мүмкүн делген аймактарды тизмектеди.

Сел жана таш кулоо ыктымалдыгы жаралчу аймактар:

  • Баткен облусунун Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунда;
  • Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Ала-Бука райондорунда;
  • Ош облусунун Өзгөн, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунда;
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда;
  • Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Аламүдүн, Чүй жана Кемин райондорунда;
  • Нарын облусунун Кочкор, Ак- Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда;
  • Талас облусунун Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында.

Унаа жолдордогу кооптуу болгон сел жана таш кулоо тилкелери:

  • Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;
  • Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;
  • Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-1-чакырымдарында;
  • Балыкчы – Бөкөнбаева унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;
  • Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;
  • Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;
  • Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;
  • Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24-чакырымындарында.

Белгилей кетсек, күн мурун Ош шаары жана Кара-Суу районунун аймагында катуу жааган жаандан улам Ак-Буура дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды, эс алуу жайларын каптаган. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына боюнча, учурда Жалал-Абад – Казарман (63-98-чакырымдар аралыгы), Ноокат-Араван (9-чакырымы), Мырзаке – Кара-Шоро (49-51-чакырымдар аралыгы) унаа жолдору убактылуу жабык. Жеринде аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатат. Азыркы тапта бир тараптуу болгон жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле ӨКМ 800дөй турак жай жана социалдык мекемелер сел сууларынын кесепетинен жабыркагандыгын белгиледи.

Последние новости