www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Дордой" соода-базар комплексинин аймагындагы "Береке" курулуш базарын рейдерлик жол менен басып алууга шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери жана бокс боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу Н.Ж. аттуу жарандын кайрылуусун кароонун алкагында "Дордой" соода-базар комплексинин аймагында рейдерлик жол менен басып алуу шектүү Ы.М. аттуу жаран кармалды.

Тактап айтканда, Н.Ж. аттуу жаран 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн "Жунхай" базарынын жанындагы 8,5 сотых жер тилкени сатып алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ы.М. уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышта болуп, алдоо жолу менен ишенимге кирип, укук белгилөөчү документтерди алып, Уюшкан кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып, "Береке" базарын Н.Ж. аттуу жарандан мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле ал, криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып ар дайым коркутуп келген.

Ал эми Н.Ж. насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак-жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган.

Мындан улам, мүлктү мыйзамсыз тартып алуу фактысы боюнча Н.Ж. укук коргоо органдарына кайрылып, бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес.

Чогултулган материалдардын негизинде көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ы.М. УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Учурда аталган фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК мындай учурларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантууда.

Последние новости