www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кызыл-Кыя ШИИБдин башчысы милициянын подполковниги Мирбек Толтоев Ооган согушунун ардагери менен жолугуп, аны куттуктады. Совет мезгилинде 10 жылга созулган Ооган согушу көптөгөн жоокерлердин өмүрүн алган. Ошол кандуу согушта аскердик милдетин өтөп, аман-эсен мекенине кайтып келип, коомдук тартипти сактоого салым кошкон ардагерлер бүгүнкү күндө да урмат-сыйга татыктуу. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Ооган согушунда курман болгондор эскерилип, бөлүмдө 26 жылга жакын кызмат өтөгөн ардагер 64 жаштагы Акбарали Токтосунович Айдаровго сый көрсөтүлдү. Ал ички иштер органдарында кенже курамдагы ар түрдүү бөлүмдөрдө иштеп, акыркы 14 жылында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматында үзүрлүү эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан.
Акбарали Айдаров 19 жашында Ооган согушуна аттанып, Кабул шаарында үч жыл аскердик кызмат өтөгөн. 1983-жылы мекенине кайтып келип, жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти сактоо багытында кызматын уланткан. Ал Кыргыз Республикасынын Президентинин “Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн” медалы жана Ички иштер министрлигинин бир катар сыйлыктары менен сыйланган.
Бөлүм башчысы Мирбек Толтоев ардагердин эмгегин жогору баалап, ага бекем ден соолук каалап, өздүк курамдын жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип, белектерди жана шириндиктерди тапшырды.