www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кылмыштуу топтун мүчөсү «Точка» кармалды

Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Токмок шаарынын жашоочусу мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөнү тууралуу ыкчам маалымат алышкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүүнүн өздүгү аныкталды. Кечээ, 4-февраль күнү Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы, Токмок ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Чүй облусу боюнча атайын операциялар отрядынын кызматкерлери кармоо иштерин жүргүзгөн. Анын алкагында Токмок шаарынан 1975-жылы туулган А.Б. кармалды.

«Кароо жүргүзгөндө шектүүнүн жанынан номуру өчүрүлгөн «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча, 5 огу жана колго жасалган бычак табылды. Шектүү мурда бир нече жолу соттолуп, «Точка» каймана атыккан. Криминалдык чөйрөдө «смотрящий» жана «положенец» статусуна ээ болуп, ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы аныкталган. Буга чейин тоноо, уурдоо, опузалап акча талап кылуу жана баңгизатын мыйзамсыз сактоо беренелери менен бир нече жолу соттолгон», - деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости