www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Руслан Казакбаев Кытайдын элчиси менен жолукту

Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолукту. Бул тууралуу КЭРдин КРдагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда элчи айым Ду Дэвэнь КЭР тышкы иштер министринин жана Мамлекеттик кеңештин мүчөлөрүнүн атынан Р.Казакбаевди КР ТИМ башчысы болуп шайланышын куттуктаган билдирүүсүн берди. Тараптар кытай тараптын кыргыз тарапка кайтарымсыз негизде COVID-19 га каршы вакцинаны берүүсү боюнча пикир алмашышты.

Элчи Кытай менен Кыргызстан кайрымдуу коңшулар жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштөр деп белгиледи. “COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө эки өлкө бири-бирине жардам көрсөтүшүп, колдоп турушту. Коронавирус инвекциясы менен күрөшүүдө кыргыз тарапты мындан ары дагы колдоо максатында кытай тарап COVID-19га каршы вакцинаны кайтарымсыз негизде берүү чечимин кабыл алды. Бул кытай элинин кыргыз элине карата достук мамилесин чагылдырып, кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн көрсөтүп турат. Мен кытай тараптын вакцинасы кыргыз элинин вируска каршы туруусун шарттап, кыргыз элинин саламаттыгын жана коопсуздугун камсыздоого оң таасир этет деп ишенем”,-деди элчи айым.

Өз кезегинде Руслан Казакбаев Ван И мырзага жылуу куттуктоосу үчүн ыраазычылыгын айтып, кыргыз тарап Кытай менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Ал вакцина берүү ниетин билдирген кытай тарапка кыргыз өкмөтүнүн атынан карыздар экенин айтып, бул эки элдин ортосундагы достук мамиленин далили деп белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости