www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргы-тажик чек арасында ок атылды

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлү Көк-Таш айылындагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча маалымат таратты. Басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кум-Мазар жеринде эки тараптын чек арачылары ортосунда ок атышуу болгон.

“Тажик жарандары Кум-Мазар участкасында такталбаган аймакта тазалоо иштерин, ишембилик өткөрүшкөн. Кыргыз жарандары такталбаган аймакта тазалоо иштерин жүргүзүүгө каршы пикир айтылып, тажик жарандарынын арасынан таш ыргыткан. Андан соң эки тараптын чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алган. Учурда абал туруктуу, жеринде эки тараптын чек ара кызматтары, Баткен районунун акими жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери ортосунда сүйлөшүү жүрүүдө. Жараат алгандар жок”, - деп айтылат облусттук бийлик тараткан билдирүүдө.

Учурда чек арада абал туруктуу, эки тарапттын тийиштүү органдары жолугушуп жатат. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу абалды жөнгө салуу жана чагымчылдыкка жол бербөө боюнча сүйлөштү. Учурда жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен районунун акими Учкун Жоробаевдин 24-июлда Көк-Таш айылындагы Кум-Мазар деген жерде тажик жарандарынын ишембилик кылып жатканына нааразы болуп чогулган кыргыз жарандары тараганын маалымдаган.

Жоробаев буга чейин Тажикстандын Чорку айылы менен чектешкен Көк-Таш айылында 23-июлда кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда түшүнбөстүктөр болгонун кабарлаган. Андагы чырды учурда милиция териштирип жатат.

Кыргызстандын Чек ара кызматы окуянын чоо-жайы жөнүндө маалымат даярдалып жатканын кабарлады.

Тажикстандын расмий органдары маалымат тарата элек.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырымдай болсо, анын 519 чакырымы гана такталган. Мындан улам Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар болуп турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

8-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуудан 27 жаштагы кыргызстандык чек арачы набыт болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости