www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун кыргызстандыктардын Россиядан массалык түрдө депортация кылынып жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү.

"Россиянын аймагында камактан бошотулган, ошондой эле алардын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирген чет өлкөлүк адамдарды кошпогондо, Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө депортациялоо фактысы катталган эмес. Ал эми 15-июндагы Россия президентинин коронавирус инфекциясынын жайылып кетишин алдын алуу боюнча жарлыгына ылайык, чет элдиктерди же жарандыгы жок адамдарды өлкөдөн чыгарып салуу жолу каралган эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик быйылкы жылдын июль айында Россиянын бардык региондорунан канча кыргызстандык чыгарылганы тууралуу маалымат берди.

"Ар кандай себептер менен Кыргызстандын 18 жараны чыгарылган. Ушул тапта Москва облусунун Сахарово айылындагы Чет өлкөлүк адамдарды жана жарандыгы жок адамдарды убактылуу кармоочу борбордо тогуз жаран кармалып турат. Алардын бешөө РФтин  мыйзамдарына ылайык 25-июлда, калгандары август айынын башында жөнөтүлөт", — дешти элчиликтен.

Ошону менен бирге дипломатиялык өкүлчүлүк 12-июлдагы "Кузьминки" метросунда болгон окуя боюнча маалымат берди. Учурда административдик жаза боюнча камакка алынган кишилерди кармоочу жайда Кыргызстандын 65 жараны бар.

Элчиликтен түшүндүргөндөй, Россиянын укук коргоо органдарынын бул аракеттери өлкө аймагында тартипти орнотуу жана коопсуздукту камсыздоого багытталган.

Буга чейин Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигранттын мушташын көрсөткөн. Анда 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминки" метростанциясында массалык мушташ чыккан. Урушта жалпысынан 102 адам кармалса, анын 71и кыргызстандык болгон. Сот 102 материалды карап, 15 күнгө камаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости