www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы банктардын биринен 5 миллон сомдон ашык каражатты тоноп качып кеткен аял Якутиядан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда,  2019-жылы Ак-Суу районундагы банктардын биринде башкы адис болуп эмгектенген 34 жаштагы аял 3 жарандын 5,3 миллон сомдон ашык каржатын алып качып кеткен. Кийин ага эл аралык издөө жарыяланган.

Мындан тышкары, ал аял каржы мекемесинде иштеп турган кезинде, 100дөн ашык кишини алдап кеткени маалым болгон. Кийинчерээк, Ысык-Көл ОИИББи 147 кишинин арызын каттоого алган. Ал алдап кеткен чыгымдын жалпы суммасы 38 миллион сомду түзгөн. Аталган  М.А. аттуу аял учурда  Минск конвенциясына ылайык Кыргызстанга экстрадицияланмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости