www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2005-жылы кеч күзүндө Москвадагы «Звездный» космонавттардын шаарчасында сегиз канаттуу заманбап кыргыз боз үйү «Космонавттарды даярдоо борборунун» (ЦПК) жанына тигилген. Кыргыз боз үйү Жер менен Ааламды байланыштырган өзүнчө символиканы, философияны түшүндүргөн, көчмөн элдин уникалдуу жашоо образын чагылдырган эмгек.

Мунун маанисине терең түшүнгөн космонавттардын пикири боюнча Боз үй бул жер шаары болсо, анын түндүгүнөн көрүнгөн ачык асман бул чексиз космос ааламы. Ошондуктан алар өздөрү космосто учуп жүргөн кемесин боз үй деп санашып, иллюминаторду түндүк деп эсептешет экен. Алардын боз үй тууралуу өтө кызыктуу ой пикирлери да көп.

Эмесе, Кыргыз Боз үйүнүн дүйнөгө даңазасы таш жарган «Звездный» шаарчасында туруп калуу тарыхына токтолуп кетейин. Мен көптөгөн мекендештерим сыяктуу эле Советтик доордо төрөлүп, өскөн адамдардын катарында сүйүктүү мугалимдерибиздин келечекте ким болгуң келет деген суроосуна биринчиси эле кезекте космонавт болом, андан кийинкилер учкуч болом, доктор болом, мугалим болом деп жооп берген миллиондогон советтик окуучулар менен бирге тарбияландык.

Менин оюмча, бүгүнкү күндө космос өз актуалдуулугун арттырып, келечекте деле актуалдуу багыт бойдон калат деп ойлоймун.

Ошол дүйнөдөгү миллиондогон окуучулардын тилектеринин баары эле аткарыла бербейт экен.  Анткени бүгүнкү күндө дүйнөдө космонавттар саналуу гана. Ошол саналуу космонавттардын катарында биздин мекендешибиз, Кыргызстандын Өзгөн жергесинде биз менен катар класста окуп, билим алып, катар өскөн Салижан Шарипов. Салижан Шариповдун бактысына космонавт болуу туш болуптур, катардагы эле космонавт эмес, кесиптештеринин арасында адамгерчилиги, жоопкерчилиги жана кесиптик чеберчилиги менен бар алган адам. Космонавттын Кыргызстанга жана кыргыз элине болгон сүйүүсүн ушундан байкаса болот, «Звездный» шаарчасына боз үй тигүү жаатындагы талаш маселенин чечилишинен көрсөк болот. Жер шарындагы Азия мейкиндигиндеги байыркы жана жакынкы көчмөн элдердин баарында боз үй бар жана алардын ар бири аны өз улутунун менчиги деп эсептешет. Ошондуктан «Звездный» шаарчасына кандай боз үй тигүүнү тактоо маселеси турган. Кыргыз боз үйүн презентациялоо Кыргызстан тараптан 2001-жылдагы Москва шаарындагы Дүйнөлүк көргөзмө борборунун алтын медалынын лауреаты, Орто Азиядагы кол өнөрчүлүктү Европа өлкөлөрүнө биринчилерден болуп тааныштырган Ашымова Карема Дүйшөнбаевнага туш болот. Карема айымдын өз элинин тарыхын, кол өнөрчүлүгүн, боз үй жана анын ар бир компоненттеринин, ар бир тетиктеринин маани-маңызын, боз үйдүн керегесинен түндүгүнө чейин философиялык түшүнүк берип жана башка сырларын жетиштүү түшүндүрмө бергенден кийин, Салижан Шарипов менен шаарчанын мэри Рыбнин Николай Николаевич, ГосДуманын депутаты, казак кызы Раушан Мусахановналар колдоого алышкан. Раушан Мусахановна биздин кызыбыздын эки бетинен сүйүп, көзүнө жаш алып Карема айымды куттуктаганын да айта кетели. Карема сыяктуу биз билген жана билбеген канчалаган эже-карындаштарыбыз жана кыз-келиндерибиз дүйнөнүн төрт бурчунда Кыргызстанды жана анын кол өнөрчүлүгүн татыктуу деңгээлде көрсөтө алышып «большие люди невидимого фронта» аталып жүрүшөт.

Аталган күнгө Кыргызстандан атайын даярдалган жигит-кыздар улуттук кийимчен, заматта Боз үй тигилип, шаарчанын борбордук аянтын майрамга бөлөдү. Менин милдетим: келген конокторду тосуп алуу болуп, бул иш-чарага катышып калдым. Ачылуу аземине туш Салижан Шарипов досубуз да Россиянын Баатыры деген наам берилип, төшүнө Алтын жылдыз тагылды.

Кыргыз боз үйүнүн ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Космонавттарды даярдоо борборунун жетекчиси, космонавт, генерал-майор, Россиянын эки жолку Баатыры генерал-полковник, Климук Петр Ильич: «Биз космонавтттар кыргыз эли Салижан Шариповдой инсанды өстүрүп, тарбиялап бергендигине терең ыраазыбыз. Салижан катардагы эле космонавт эмес, ал ишенимдүү дос, адамдык сапаты бийик, жөнөкөйлүгү менен улуу адам. Биз Салижан аркылуу Кыргызстандыктардын баарын ушундай деп эсептейбиз. Боз үй деген эмне деген керекмет. Сиздер ар бириңиздер космонавтсыңар, себеби кыргыздардын төрөлгөн баласы бешике бөлөнүп, боз үйдүн ичинде түндүк аркылуу жылдыздар менен байланышып чоңоёт. Биз космонавттар космосто кораблдын ичинде иллюминатор (түндүк) менен жер шаарын көргөндө Сиздердин боз үйдү элестетебиз. Мына ошондуктан мындан кийин ар-бир космоско учуучу адамыбызды ушул боз үйгө учаардан, учуп келгенден кийин кадырлуу мейман катары тосуп алууну адат кылып алабыз.» -деди. Мына бүгүнкү күндө ким «Звездный» шаарчасына барып калса, кыргыздын боз үйү дагы деле космонавттарды узатуу жана тосуп алуу салтын улап келатканына күбө болот. Улуу адамдардан кыргыздарга жогорудагыдай мамиле жасалганын көрүп, кыргыз болуп дүйнөгө келгениме төбөм көккө жетти. Көрсө биздин ата-бабаларыбыз бизге көөнөргүс мурас кылып касиеттүү Ала-Тообузду, Айкөл Манас атабызды, керемет боз үйүбүздү, комузду жана башкаларды калтырып кеткен тура.

Ушул касиеттерди сактап, кийинки муундарга татыктуу өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз. Бул үчүн Жаратканыбыздан бизди өзү туура жолго салуусун сурайбыз!

Сиздерди терең урматтоо менен Анарбек Ташиев

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости